Ысык-Көл облусуна «Ак-Кеме» посту аркылуу гана кирүүгө болот

Автор -

Ысык-Көл облусуна Балыкчы шаарындагы «Ак-Кеме» санитардык-карантиндик пост аркылуу гана кирүүгө болот. Бул туурасында Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев билдирди.

Анын айтымында, Ысык-Көл облусуна кирип келаткан жарандардан алгач паспортун көрсөтүү талап кылынат. Оорунун симптомдору байкалган учурда, экспресс-анализдер алынат. Бул максатта Балыкчы шаарындагы постто облустук оорукананын лабораториясы орнотулган. Текшерүүнүн алгоритмине ылайык, КР ССМнин бардык сунуштамалары сакталат.

«Ал эми облустан райондук администрациялардан жана шаарлардын мэрияларынан алынган өткөрмө кагаздарын көрсөтүп, «Кызыл-Омпол» посту аркылуу чыгышат. Аймактан-аймакка кирүүгө тыюу салынган, ошондуктан зарылчылык болбосо, үйдө болууңуздарды суранам», — деп билдирди аткаминер.

Бөлүшүү