Эл аралык издөөдө жүргөн кыргызстандыктар Москвадан табылды. Фото

Автор -
255

Мекенинде кылмыш жасап, эл аралык издөөдө жүргөн кыргыз жарандары Москвадан табылды. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү жана Россиянын укук коргоо органдарынын биргеликте жүргүзгөн иш-чараларынын жыйынтыгында, 2003-жылдан бери Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы тарабынан издөөдө жүргөн 58 жаштагы Д.М. аттуу жаран (коңшу республикалардын биринин жараны) аныкталган.

Ал жаран 1997-жылы Ош шаардык сотунун чечими менен «Башкага берүү максатында баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү же  өткөрүү» беренесинин негизинде күчөтүлгөн тартиптеги колонияга 11 жылга кесилген. 2001-жылы Мунапыс жөнүндө мыйзамынын негизинде, жаза өтөө мөөнөтү кыскартылып, соттун чечими менен жатак-абакка которулган. Бирок Ош шаарында жайгашкан жазаларды аткаруу мекемесинен качып кеткен. Ага карата «Эркиндигинен ажыратуу жайларынан же кайтаруудан качуу» беренеси менен иш козголуп, издөөдө болчу.

Мындан тышкары, Жазык кодексинин (мурунку редакциядагы) 166-беренесинин
2-бөлүмүндө (Алдамчылык, ири өлчөмдө) каралган кылмыштын белгилери менен
козголгон кылмыш иши боюнча, Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан
2014-жылдан бери издөөдө жүргөн Ош облусунун тургуну, 1986-жылы туулган
М.К. аттуу жаран аныкталып, кармалган.

Бул жаран 2013-жылы күйөөсү менен чогуу жабырлануучунун ишенимине кирип, чет өлкөдөн товар алып келүү шылтоосу менен 7500 АКШ долларын алышкан. Ошол эле  жылдын октябрь айында дагы 100 миң сом алып,  белгисиз багытта жашынып кетишкен. Мындай кылмыштуу аракеттердин  жыйынтыгында, жабырлануучуга 465 миң сом өлчөмүндө материалдык зыян  келтиришкен.

Ошондой эле 2014-жылдан тартып Сокулук ИИБи тарабынан издөөдө жүргөн
Талас облусунун тургуну, 1988-жылы туулган Ж.Д. аттуу жаран аныкталган.
Ага «Ири өлчөмдө алдамчылык кылуу» беренеси менен иш козголгон. 2014-жылы жогоруда аталган жаран чет мамлекеттик валютаны жогору курс менен алмаштырып берем деп, башка бирөөнүн мүлкүн менчиктеп алып, белгисиз багытта жашынып кеткен. Мындай алдамчылык аракеттердин жыйынтыгында, жабырлануучу жаранга 449 миң сом өлчөмүндөгү суммада материалдык зыян келтирген.

Азыркы учурда, жогоруда аталган бардык фактылар боюнча издөөгө берген
Ички иштер органдардын бөлүктөрү маалымдалып, кармалган жарандардын
кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча маселеси каралууда.