Соль-Илецк шаарынан келгендердин көбү үй карантинине чыгарылат

Автор -

«Семетей» обсервациясындагы кырдаалга байланыштуу, ал жакта жаткандардын көпчүлүгүн үй карантинге чыгаруу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Россия Федерациясынын Соль-Илецк шаарынан келип, обсервацияда жаткан жарандардын айрымдары жашаган жери боюнча үй карантинине алынат. Алардын ичинен жакындар менен байланышкан жактардан аныкталган 43 учурдан улам, 19 жаран медиктердин көзөмөлүндө калтырылат.

«Медицина кызматкерлери аталган обсервацияда 22-майга чейин штаттык тартипте иштешет жана алардын иштөө мөөнөтү бүткөндө башка жаңы топтогулар келет. Обсервацияга жооптуу врач 7-июнга чейин иш алып барат», -деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, бүгүн «Манас» аэропортунун аймагында жайгашкан «Семетей» обсервациясында чыр чыккан. Ал жерде Соль-Илецкиден алынып келинген 432 жаран жаткан болчу. ИИМдин маалыматына караганда, алар «Республикалык инфекциялык клиникалык ооруканасында жаткан бейтаптарды үй карантинине чыгарып жатышат» деген такталбаган маалыматты угуп алышып, чатак чыгарышкан.