Республикалык штаб карантин учурунда уруксат берилген экономикалык ишмердүүлүктөрдүн тизмесин жарыялады.
21-майдан баштап ишмердүүлүгүн жанданта тургандар:
- Калкты тейлөө борборлору, паспорттоштуруу жана ЖААК бөлүмдөрү, “Унаа” Мамлекеттик мекемеси;
- Калкты тиричиликтик жактан тейлөө борборлору: бут кийим, саат оӊдоо, эмерек чогултуу жана оӊдоо;
- Соода-сатык чөйрөсү:
- Соода борборлору (соода-оюн-зоок борборлорунда жайгашкан балдар оюн-зоок жайларынын, оюн аянтчаларынын, коомдук тамактануу (фуд-корт) түйүндөрүнүн ишмердүүлүгүн кошпогондо);
- Азык-түлүк эмес товарларды сатуу дүкөндөр жана пункттар (мурунку баскычтарга кирбеген түрлөр);
- автоунаа базарлары;
- мал базарлары.
- Менчик (жеке) репетиторлордун кызмат көрсөтүүлөрү;
- Менчик үй-бүлөлүк мончолордун жана СПА-борборлордун кызмат көрсөтүүлөрү, (коомдук мончолорду жана сауналарды кошпогондо);
- Мейманканалардын ишмердүүлүгү (бассейндерди жана спортзалдарды кошпогондо).