Автобустар жана троллейбустар 25-майдан тарта иштеп баштайт

Автор -

25-майдан тарта Бишкекте коомдук унаа: автобустар, кичи автобустар жана троллейбустар иштей баштайт. Бул туурасында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, коомдук транспортту ишке киргизүүдө аралыкты жана санитардык ченемдерди так сактоо боюнча катаал талаптар коюлат. Жүргүнчүлөрдүн баары беткап тагынууга милдеттүү.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү