Соль-Илецк шаарынан келгендер боюнча такталган маалымат

Автор -

Соль-Илецк шаарынан келип, коронавирус аныкталган жарандардын 47си айыгып чыкты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Такталган маалымат боюнча, 13 күн мурун, 7-майда Россиянын Соль-Илецк шаарынан 541 жаран келген. Кийин алардын 104үнөн COVID-19 вирусу тастыкталган.

Учурда алардын ичинен 47 адам айыгып, стационардан чыгарылды. 57 адам дарылануусун улантууда. Жакын байланышта болгондор катары обсервацияда калгандар – 19.

Үй карантинине чыгарылгандардын саны – 465.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү