Чүйдө обсервацияга алынган 300 жаран каякка жайгашканы айтылды

Автор -

Чүй облусу боюнча жалпысынан обсервацияга 300 адам жаткырылды. Бул туурасында КР Өкмөттүн Чүй облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Намазалиев брифинг маалында билдирди.

Алсак, Ысык-Ата райондук аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө 5 адам;
— Ивановка ооруканасында 39 адам;
— Ысык-Ата району, Кант шаары «Ручеек» бала бакчасында 18 адам;
— Ивановка айылындагы медреседе 35 адам;
— Панфилов райондук (ЦОВП) жалпы медициналык практика борборунда 17 адам;
— Аламүдүн районунун Беш-Күӊгөй айылындагы аскер госпиталында 85 адам;
— Аламүдүн районунун №73809 Ала-Тоо аскер-окуу борборунда – 101 адам.