ЖАМК: Даниэл Ажиев жеке өтүнүчү менен камерада жалгыз отурат

Автор -
346

Улуттук кастыкты козутуу боюнча айыпталып жаткан Даниел Ажиев бүгүнкү күнгө чейин өзүнүн жеке өтүнүчү боюнча жалгыз камерада отурат. Бул туурасында Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, Ажиев тараптан ден-соолугунун абалы боюнча №1 СИЗОнун администрациясына эч кандай даттануулар жана дооматтар болгон эмес.

«Даниэл Ажиевдин жактоочусунун ЖАМК аны өзгөчө кырдаалга байланыштуу Биринчи май сотуна жеткирүүдөн баш тартып жатат деген маалыматы чындыкка коошпойт, анткени ал дагы деле тергөө амалында, анын иши сотко келе элек», -деп айтылат маалыматта.

Даниэл Ажиев — 30 жаштагы ишкер. 2018-жылы вебкам-студия иштеткени үчүн жоопко тартылып, айып пул төлөп чыгып кеткен. Коронавирус пандемиясына байланыштуу бийлик өзгөчө абал жарыялаганда, калктын аярлуу катмарына гуманитардык жардам тараткан. Соцтармак колдонуучулары анын өтмүшүн эскертип, дарегине кескин сын айтып чыгышканда, Ажиев видео аркылуу кыргыз элин, кыргызстандыктарды жаман сөздөр менен сөгүп таштаган. Мындан улам, анын үстүнөн кылмыш иши козголуп, 28-мартта СИЗО-1ге киргизилген. Сот тергөө иштеринен улам, аны 26-майга чейин камакка калтыруу чечимин кабыл алган.

Бөлүшүү