Эки медкызматкерден коронавирус аныкталды

Автор -

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 2 медициналык кызматкерден коронавирус табылды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Ал эми стационарлардан 7 медкызматкер сакайып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 257 учур катталды, алардын ичинен 219 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү