Ысык-Көлдө үй карантин эрежелерин бузган жаран обсервацияга алынды

Автор -

Ысык-Көл облусунун Талды-Суу айылынын тургуну үй карантининин эрежелерин бузгандыгы үчүн обсервацияга алынды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

«Түп районунун Талды-Суу айылынын 35 жаштагы тургуну үй карантининин эрежелерин бузгандыгы үчүн облустук бириккен ооруканасынын обсервациясына алынды. Ал чет мамлекеттен келип, COVID-19 илдети аныкталган жүк ташуучу унаанын айдоочусу менен контактта болуп, 7-майда үй карантинине жиберилген. Бирок 17-18-майда үй карантининин эрежелерин бузгандыгы аныкталган.

Учурда облус боюнча 1 миң 803 адам үй шартындагы карантинде жана 141 адам обсервацияга алынган», — деп жазылат маалыматта.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү