Өкмөт Жанар Акаевдин билдирүүсүн негизсиз деп атады

Автор -

Депутат Жанар Акаевдин Премьер-министр М.Абылгазиевдин байланыш чөйрөсүндөгү мыйзам бузууларга тиешеси бар деген билдирүүсү негизсиз. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

«Териштирүү иштери жүрүп жатканы боюнча маалыматыбыз бар. Өкмөттүн тергөө иштеринин жүрүшү боюнча комментарий берүүгө укугу жок. Анткени бул тергөөнүн жүрүшүнө басым жасоо катары кабыл алынат.

Зарыл болгон учурда Премьер-министр жана Өкмөттүн өкүлдөрү тергөөнүн алкагында иштин жагдайын объективдүү жана ар тараптуу иликтөө кызыкчылыгына түшүндүрмө берүүгө даяр», -деп айтылат маалыматта.

Жогорку Кеңештин 20-майдагы сессиясында депутат Жанарбек Акаев Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктеги жыштык сатууга байланышкан коррупция маселесин көтөргөн. Ал «премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев буга катышы жок экенин далилдесин, укук коргоо органдары тез арада буга анын катышы барбы же жокпу, иликтеши керек» деген талап койгон.