Мукар Чолпонбаевдин абалы дагы деле оор, — ЖМК

Автор -

Коомдук жана саясий ишмер Мукар Чолпонбаевдин абалы дагы деле оор. Бул тууралуу 20-майда  Республикалык инфекциялык оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев билдирди, деп жазат «Азаттык».

Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы коронавируска чалдыгып, ооруканада жатканын Саламаттык сактоо министрлиги 15-майда ачыктаган. Анда Чолпонбаев 5-майдан бери дарыланып жатканын, абалы жакшы болбогондуктан, 12-майда реанимацияга которулганы маалымдалган.

Башкы дарыгердин айтымында, учурда коомдук ишмер жасалма дем алдыруу аппаратта жатат.

«Оор деп эле баалап жатабыз. Динамикасы боюнча айтсак, анализдеринин кээ бир көрсөткүчтөрү жакшы. Бирок өзү дем ала албай, аппаратта. Реанимацияда», — деди ал.

70 жаштагы Чолпонбаев 1995-1996-жылдары Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасы болгон.

Коронавирус анын байбичесине да жуккан. Дарыгерлер анын абалы жакшы экенин айтышкан.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү