Кытайда акыркы суткада коронавирус жуктурган 5 учур катталды

Автор -

Кытайда акыркы суткада коронавирус жуктурган 5 учур катталды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо маселелери боюнча мамлекеттик комитети 20-майда билдирди.

Маалыматка караганда, бир сутка ичинде ошондой эле вирусту эч кандай симптомдору жок алып жүргөн 16 киши аныкталган.

Жаңы 5 учурдун ичинен төртөө жергиликтүүлөрдөн чыкса, бирөө сырттан келген адамдан табылган.

Учурда Кытайда жалпы оору жуктургандардын саны 82 миң 965 адамга жетти, алардын 4 634 каза тапты.

Бөлүшүү