Министрлик: Эреже бузган коомдук унаалардын иши токтотулат

Автор -

Коомдук транспорттун иштөөсү үчүн убактылуу санитардык-эпидемиологиялык эрежелер иштелип чыкты. Бул туурасында 20-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

«Автобус, троллейбус жана кичи автобустар кабыл алынган эрежелерди бузган учурда, ишин токтотууга туура келет. Талаптардын аткарылышын көзөмөлдөө үчүн атайын рейддер жүргүзүлөт. Биз транспорттук компаниялардын жетекчилерине тиешелүү санитардык-эпидемиологиялык талаптарды уюштуруп, камсыз кылуу керектигин маалымдадык», — деди ал.

Анын айтымында, коомдук транспортто жүргүнчүлөрдүн саны орундуктардын саны менен чектелет. Салондун ичи ар бир чыгуу үчүн тазаланып турушу шарт.

«Коомдук транспорттордун салондорунда дезинфекциялык чаралар жүргүзүлөт. Өз кезегинде, ар бир жүргүнчүдөн социалдык аралыкты сактоону жана милдетүү түрдө беткап тагынууну өтүнөм. Вирус жуктуруп алуу коркунучу бар», — деп белгиледи Н.Үсөнбаев.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү