Соода борбору жана базарларда талаптардын аткарылышына администрация жооптуу

Автор -

Соода борборлордун жана базарлардын талаптарды аткаруу жоопкерчилиги  администрацияга жүктөлөт. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Соода борборлорунун, дүкөндөрдүн администрациясы жарандардын дене табын ченөөсү жана келгендер үчүн 1,5-2 метр социалдык аралыкты сактоону камсыз кылышы керек. Соода түйүндөрү байланышта болбогон термометр жана антисептикалык каражаттар менен жабдылууга тийиш.

Базарлардын администрациясы келгендердин социалдык аралыгы 1,5-2 метр сакталышын камсыз кылышы керек. Ошондой эле башаламан соодага жана өтмөктөр ортосундагы иретсиздикке жол бербөө боюнча иштерди жүргүзүүлөрү керек.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү