Нарында тогуз медкызматкерден COVID-19 тастыкталды

Автор -
232

Бүгүн Нарын облусунда 19 кишиден коронавирус аныкталган. Алардын тогузу медицина кызматкерлери экенин саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Ал эми өлкө боюнча стационарлардан 3 медкызматкер сакайып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 266 учур катталды, алардын ичинен 221 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү