Ошто 64 жаштагы жаран 5 жашар кызга сексуалдык кыдык көрсөтүүгө шектелүүдө

Автор -

Ош шаарында 5 жашар кызга сексуалдык ыдык көрсөтүүгө шектелип 64 жаштагы эркек киши кармалды. Бул маалыматты Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматына таянып, жергиликтүү ЖМКлар жазып чыкты.

Маалыматка караганда, окуя ушул жылдын 17-майында Ош шаарындагы автоунаа жуучу жайлардын биринде катталган.

«Ош ШИИБге Төлөйкөн кичи районунун 29 жаштагы тургуну, Б.к.Д. аттуу келин, арыз менен кайрылган. Ал 2015-жылы туулган кызы А.А.га 1956-жылы туулган К.А. аттуу жаран сексуалдык ыплас аракеттерди жасаганын билдирген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү рестрине катталып, Жазык кодексинин 165-беренесинин (Ыплас аракеттер) негизинде кылмыш иши козголгон», -деп айтылат маалыматта.

Окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, соттук-биологиялык, соттук-медициналык жана соттук-психологиялык экспертизалар дайындалган. Аталган окуяга Төлөйкөн кичи районунун 1956-жылы туулган тургуну К.А. шектелип, суралган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат

Бөлүшүү