Сингапурда соттолуучуга Zoom аркылуу өлүм жазасына тартуу өкүмү чыгарылды

Автор -

Сингапурда эркек киши Zoom видеочалуусу аркылуу өлүм жазасына өкүм кылынды, деп жазат The Guardian.

Малайзиянын 37 жаштагы жараны Пунитан Женасанга баңгизатына байланышкан кылмыш иши үчүн өлүм жазасына тартуу чечими чыккан.

Сингапурдун Жогорку сотунун өкүлүнүн айтымында, бул өлкөдөгү аралыктан өлүм жазасына тартуу чечими чыгарылган биринчи учур болуп калды.

Өлкөдө карантинден улам, апрелдин башынан бери көптөгөн соттук угуулар жылдырылган. Ал жакта карантин 1-июнда бүтөт. Бирок кээ бир маанилүү процесстер аралыктан өткөрүлүүдө.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү