Бишкекте 4 медкызматкерден коронавирус аныкталды

Автор -

Бүгүн, 21-майда, Бишкек шаарында 22 адамдан коронавирус аныкталды, алардын төртөө -медицина кызматкери. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Башка облустарда медиктер арасында өткөн сутка ичинде вирус жуктуруп алгандар болгон жок. Стационарлардан 2 медкызматкер сакайып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 270 учур катталды, алардын ичинен 223 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Бөлүшүү