Штаб: Мамкаттоо кызматында COVID-19 жуктургандар жок

Автор -

Бүгүн, 21-майда, саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев  өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал тууралуу маалымат берип жатып, сутка ичинде Нарын облусунда 8 жарандан коронавирус аныкталганын, алардын ичинен 6 бейтап Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери экенин билдирген болчу. Бирок Республикалык штаб бул маалыматты четке какты.

«Мамлекеттик каттоо кызматында кызматкерлеринин арасында COVID-19 вирусун жуктуруп алгандар жок. Саламаттык сактоо министринин орун басары айткан 6 учур Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлеринин арасынан табылган», -деп айтылат маалыматта.

Бүгүн, 21-майда министрдин орун басары өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал тууралуу маалымат берип жатып, сутка ичинде Нарын облусунда 8 жарандан коронавирус аныкталганын, алардын ичинен 6 бейтап Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери экенин билдирген болчу. 

Бөлүшүү