20-майда Оренбург облусунун Бузулук районунан 164 жаран чартердик каттам менен Бишкекке келди. Бул каттам менен оор абалдагы оорулуулар, майыптар, улгайган адамдар, кош бойлуу аялдар, жаш балалуу аялдар, ошондой эле, Москва шаарындагы хостелден чыккан мекендештер учушкан.
Кыргызстандын Россиядагы элчилиги бул чартердик каттамдан 3 киши алынып салынганын билдирди.
«Оренбургдан уча берерде Кыргызстандын жараны, аял киши, жасалма паспорт менен кармалып, ага карата иш козголду. Андан тышкары орус жарандыгын алган эки кыргызстандык дагы учакка киргизилген жок», -дешти элчиликтен.
Элчиликтин маалыматына караганда, Бузулук районунда калган жарандарды алып кетүү маселесинин үстүндө иштер уланууда. Жакын арада элчилик 400гө жакын жаранды автобус менен алып чыгып кетүүнү пландап жатат.
Штаб орус-казак чек арасынан өтүү үмүтү менен Оренбург облусуна барууну көздөп жаткан жарандарды оор абалга туш келип калбоо үчүн ал тарапка барбоого чакырат.
«Москвадагы Добрынинская метросунун жанында шылуундар Элчиликтин Кыргызстанга кетчүлөрдүн тизмесине маалыматтарды киргизүү үчүн бланктарын сатууга аракет кылып жатышат. Бланктар бизде акысыз берилет. Ошондой эле шылуундар социалдык тармак аркылуу «Домодедово» жана «Жуковский» аэропортторунан Бишкекке кетчүлөрдүн тизмеси түзүлүп жатканын жарыялоодо. Бул маалымат чындыкка дал келбейт», — деп кошумчалашты элчиликтен.