Бишкектин тегерек четиндеги үйлөрдү тоноп жүргөндөр кармалды

Автор -

Бишкектеги жана жакынкы жаңы конуштардагы турак жайларга ууруга кирип жүргөндөр кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Ушул жылдын март айында коомчулук тарабынан тынчсыздандырууну жаратып жаткан батирлерден мүлктөрдү уурдагандар менен күрөшүү үчүн ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери тартылган.

Белгисиз адамдар Чүй облусунун Сокулук районунун, Бишкек шаарынын Ленин
жана Октябрь райондорунун аймагында батирден мүлктөрдү уурдашкан.

  • Ушул жылдын 4-январь күнү уурулар күндүзгү маалда Бишкек шаарынын тургунунун үйүнө кирип, ноутбук, фотоаппарат, уюлдук телефон,
    кийим-кечек, башка мүлктөрүн уурдап кеткен. Жабырлануучуга болжол менен
    100 миң сомдук материалдык зыян келтирилген. Андан сырткары,
    кылмышкерлер негедир домофон менен кондиционердин пультун дагы уурдап
    кеткени маалым болгон.
  • Шаардын жашоочусу 2020-жылдын 27-январында белгисиз адамдар анын
    үйүнө мыйзамсыз киргендиги боюнча ички иштер органдарына кайрылып,
    дубалга бекитилген сыналгысын алып, үйүнүн ичин чачып кеткендигин
    билдирген.
  • Ушул жылдын январь айынын аягында кылмышкерлер «Ынтымак» жаңы
    конушунда дагы үйлөрдүн биринин терезесиндеги торчону талкалап, 1 000
    АКШ доллар болгон акча каражатын, түстүү сыналгысын жана башка буюмдарын
    уурдап кеткендигин билдирген.
  • Ушул жылдын февраль айынын башында уурулар үйдүн ээлеринин жоктугунан
    пайдаланып, Бишкек шаарынын жашоочусунун үйүнө киришип, 80 миң сомдук
    түстүү сыналгысын уурдап кетишкен.
  • Ленин РИИБге шаардын жашоочусу кайрылып, ушул жылдын март айында анын
    үйүнө кирип, уурдоого аракет кылып мүлктү жараксыз абалга алып келип,
    материалдык зыянга учураткан белгисиз адамдарга карата тиешелүү
    чараларды көрүп берүүлөрүн суранган.
  • Ушул жылдын 6-март күнү «Арча-Бешик» жаңы конушунда таңкы маалды уурулар
    терезени талкалап, жергиликтүү тургундун үйүнө киришип, ал жактан
    сыналгыны уурдап кетишкен. Жабырлануучулар милицияга арыз менен
    кайрылган.
  • 20-март күнү түн ичинде «Арча-Бешик» жаңы конушунан дагы уурулук фактысы
    катталып, кылмышкерлер үйгө терезе аркылуу кирип, сыналгы, фотоаппарат,
    ювелирдик жасалгаларды жана башка буюмдарды уурдап кетишкен.
    Жабырлануучулардын сөзү боюнча уурулар 350 миң сомдук материалдык зыян
    келтиришкен.
  • Кылмышкерлер «Рухий-Мурас» жаңы конушунан дагы уурулук жасашып,
    жергиликтүү тургундун үйүнө терезе аркылуу кирип, 40 миң сомдук сыналгы,
    сүрөттөрдү басып чыгаруучу принтер жана башка буюмдарды уурдап кетишкен.
  • 24-марттан 20-апрелге чейинки аралыкта «Ак-Өргө» жаңы конушунда белгисиз
    адамдар жергиликтүү тургундун үйүнө киришип, ал жактан муздаткыч, 45 миң
    сом акча каражатын, ири суммадагы алтындан жана күмүштөн жасалган
    ювелирдик жасалгаларын уурдап кетишкен.
  • Ушул жылдын 10-май күнү ички иштер органдарына Жалал-Абад облусунун
    Сузак районунун Ырыс айыл өкмөтүнүн жашоочусу арыз менен кайрылып, 7-май
    күнү белгисиз адамдар үй ээлеринин жоктугунан пайдаланып, үйгө
    мыйзамсыз кирип, сыналгы, үюлдук телефондорун уурдап кеткендигин
    билдирген.

Жарандардын мүлктөрүн уурдоого тиешеси барларды аныктоодо көптөгөн
күчтөр жумшалып, ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлеринин тыкыр иликтөөсүнүн натыйжасында гана үйлөрдөн мүлктөрдү уурдоо менен алектенип жүргөндөрдүн изине түшкөнгө мүмкүн болгон. Уруулук көп учурда жаңы конуштарда жасалып, уурулар шек санатпай үйлөргө кирүү менен сыналгы, тиричилик техникаларын алып чыгып кетишкен.

Уурулар тобу өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал учурундагы дагы уурулук
менен алектенип жүргөндүгүн белгилеп кетүү керек. Болжолдуу алдын ала
маалыматка караганда, кылмышкерлер 30 уурулук фактыларына тиешеси бар.
Азыркы учурда эки шектүү жаран кармалды.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү