Үч медкызматкерден коронавирус аныкталды

Автор -

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

• Бишкек ш. – 2
• Нарын ш. – 1
Ал эми стационарлардан 1 медкызматкер сакайып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 273 учур катталды, алардын ичинен 224 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү