Бүгүн, 22-майда, КР Тышкы иштер министрлиги Россиянын Оренбург облусунан 448 кыргызстандык алынып келе жатканын билдирген. Кыргызстандын РФдагы элчилиги мекенге кайтып келаткандардын саны андан аз экенин билдирди.
Маалыматка караганда, өкмөт берген 9 автобус менен 417 адам Кыргызстанга жөнөтүлгөн.
«Акыркы такталган маалыматтар боюнча, чек араны 410 кыргыз жараны кесип өттү, үч жаранды документтери туура келбегени үчүн орус тарап өткөргөн жок. Дагы төртөөнү казак тарап өткөргөн жок, алар тажик жарандары болуп чыкты. Казакстандын шарты менен бардык жарандар медициналык текшерүүдөн өтүп, анын жыйынтыгы менен маалымкат берилди. 12 айдоочу унааларын тралдарга жүктөп, өздөрү автобуска түшүп кетишти. Калган айдоочулар мурунку жашаган жерине кайтышты. Азыркы учурда Оренбург облусунда, анын ичинде Соль-Илецк шаарында кыргыз жарандары калган жок», -деп айтылат маалыматта.