Элчилик Россиядагы мигранттардын паспортунун мөөнөтүн узартып берет

Автор -

Кыргызстандан сырткары аймактарда жүргөн мекендештердин жалпы жарандык паспортунун мөөнөтү убактылуу узартылат. Бул тууралуу КР Россиядагы элчилигинен кабарлашты.

Мөөнөтү узартылган паспортторду Россия Федерациясынын аймагында жашап жана иштөөгө, ошондой эле Кыргызстанга кайтуу үчүн чет өлкөлөрдүн мамлекеттик чек арасын кесип өтүүгө гана колдонсо болот.

Зарыл болгон учурда кыргыз жарандары жакынкы дипломатиялык өкүлчүлүккө же консулдук мекемеге кайрылып, 2006-жылкы үлгүдөгү КР паспортунун мөөнөтү узартылгандыгы тууралуу белгини койдуруп алса болот.

Паспорттун мөөнөтүн узартуу/маалымкат берүү акысыз негизде КРнын Россиядагы төмөнкү мекемелеринде гана жүргүзүлөт:
1. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги, Москва шаары;
2. Екатеринбург шаарындагы Кыргызстандын башкы консулдугу;
3. Новосибирск шаарындагы Кыргызстандын башкы консулдугу;
4. Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин Санкт-Петербург шаарындагы кеңсеси;
5. Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин Красноярск шаарындагы кеңсеси;
6. Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин Владивосток шаарындагы кеңсеси.

КРнын ички паспорту бар жарандарга дипломатиялык мекемелерден паспортунун мөөнөтүн узарткандыгын тастыктоочу атайын коргоочу белгилери менен маалымкат берилет. Паспорттордун мөөнөтүн узартуу 2020-жылдын 1-июнунан баштап Кыргызстандын Россиядагы элчилигинде башталат.

Бөлүшүү