Жыштык сатуудагы коррупция боюнча 5 адам кармалды

Автор -

Бүгүн, 21-майда, Жогорку Кеңештин жыйынында Башкы прокуратуранын отчёту каралды. Анда депутат Жанар Акаев Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктеги жыштык сатуудагы коррупциялык иш боюнча кандай иштер жүрүп жатканын сурады.

Аскер прокурору Нуркамал Набиев бул иш боюнча 5 адам кармалганын билдирди. Анын айтымында, өкмөттөгү айрым жогорку кызмат адамдары да сурак берип жатат. Азыркы учурда чыгымдар такталып жатканын кошумчалап, тергөөнүн купуялуулугу үчүн жагдайларды айта албай турганын белгиледи.

Кечээ, 20-мартта, Жогорку Кеңештин жыйынында Жанар Акаев өкмөт башчы жыштык сатуудагы коррупцияга тиешеси жоктугун далилдеш керектигин айткан. Өкмөт Жанар Акаевдин билдирүүсү негизсиз экенин билдирген.

Бөлүшүү