Балдар онкологиясы бөлүмүндө дагы 80 адамдын анализи текшерилди

Автор -

Онкология жана гематология боюнча улуттук борбордун балдар бөлүмүндө дагы 80 адамдан коронавируска анализ алынып, баарыныкы таза чыкты. Бул тууралуу 25-майда борбордун жетекчиси Эрнис Тилеков билдирди, деп жазат «Азаттык».

Анын айтымында, коронавирус жуккан балдардын жана аларды карап жаткан энелердин абалы жакшы.

«Балдарда клиникалык жактан белгилер байкалган жок. Абалы жакшы. Оорлогон учурлар жок. Негизги оорусуна байланыштуу дарыланып жатышат. Мурдагы күнү 80 киши анализ тапшырды, баарыныкы таза чыкты. Бүгүн дагы 80ди алып жатабыз», — деди ал.

Балдар онкологиясы бөлүмүндө коронавируска байланыштуу адегенде 120 адамдан анализ алынып, анын жыйынтыгында бул ооруканада дарыланып жаткан сегиз баладан, үч энеден, бир дарыгерден жана эки медайымдан вирус табылганы 21-майда белгилүү болгон.

Онкология жана гематология боюнча улуттук борбордун Балдар бөлүмү онкологиялык илдетке чалдыккан 40 баланы дарылоого ылайыкташкан.