Бир сутка ичинде 2 бейтап каза тапты

Автор -

Бир сутка ичинде СOVID-19 инфекциясынан 2 бейтап каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 25-майда, брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Бир бейтап, коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев, 70 жаш курагында Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынан каза болду.

Экинчи бейтап Жайыл аймактык ооруканасынын инфекциялык бөлүмүндө каза болду. Штабдын маалыматына караганда, ал 67 жаштагы эркек киши болгон.

Бүгүнкү күнгө карата өлкөдө коронавирустан жалпы 16 киши каза болду.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү