Өлкөдө СOVID-19 инфекциясынын жаңы 30 учуру катталды

Автор -

2020-жылдын 25-майына карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 30 учуру катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

  • Бишкек ш. – 17 (алардын сегизи Санкт-Петербург ш. келгендерден)
  • Чүй облусу — 1
  • Нарын облусу — 5
  • Ош ш. — 3
  • Ош облусу — 1
  • Жалал-Абад облусу — 2
  • Баткен облусу — 1

Республика боюнча оору жуктуруп алгандардын саны 1433 адам. Анын ичинен 992 адам айыгып чыкты.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү