Эреже сактабаган 680 ишканага айып салынды

Автор -

Коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча санитардык ченемдерди сактабагандыгы үчүн 900 миң сомдон ашык суммага айып салынды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

2020-жылдын 1-майынан 22-майына чейин республиканын оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлорунун кызматкерлери коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуунун алкагында, ӨК жана ӨА режими алынгандан кийин ишмердүүлүгүн жанданткан объекттерди текшерип чыгышты.

Республика боюнча жалпы 6891 объект текшерилди:
Бишкек – 768;
Ош облусу – 2706;
Баткен облусу – 590;
Жалал-Абад облусу – 543;
Талас облусу – 180;
Ысык-Көл облусу – 1385;
Чүй облусу – 428;
Нарын облусу – 245.

Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча 2 710 жазма эскертүү, 707 протокол, 9 эскертүү түзүлдү. Коопсуздук чараларын бузгандыгы үчүн 680 объекттин ээлерине жалпы суммасы 977 миң сомго айыптар салынды. 15 материал баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.