2020-жылдын 25-майына карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 30 учуру катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
- Бишкек ш. – 17 (алардын сегизи Санкт-Петербург ш. келгендерден)
- Чүй облусу — 1
- Нарын облусу — 5
- Ош ш. — 3
- Ош облусу — 1
- Жалал-Абад облусу — 2
- Баткен облусу — 1
Республика боюнча оору жуктуруп алгандардын саны 1433 адам. Анын ичинен 992 адам айыгып чыкты.