Дагы 7 медкызматкерден коронавирус аныкталды

Автор -

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 7 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

• Бишкек ш. – 4
• Нарын облусунда – 3
Ал эми стационарлардан 6 медкызматкер сакайып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 287 учур катталды, алардын ичинен 237 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.