Путиндин басма сөз катчысы коронавирустан айыкты

Автор -

Россия президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Песковдун ооруканадан чыгарылганы тууралуу анын жубайы, муз үстүндөгү бийчи Татьяна Навка билдирген. Анын айтымында, Дмитрий Песков экөө дагы бир апта үй карантининде болушат.

Эскерте кетсек, 12-май күнү Песковдун коронавирус жуктурганы маалымдалган. Аны менен кошо жубайы да коронавирус илдетин жугузуп, аныкы жеңил формада өтүп, 21-май күнү ооруканадан чыгарылган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү