Каржы полициясы Кубанычбек Жумалиевге катталган мүлктөрдү аныктады

Автор -

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевге байланыштуу сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ага тиешелүү кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк аныкталган.

Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын маалымат кызматынан кабарлашты.

«Кыргыз өлкөсүнүн Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат Башкы прокуратурасы тарабынан катталган Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин мүлкү боюнча сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүп жатат. Аталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк аныкталган. Анда Жумалиевдин уставдык капиталда үлүшү бар жана ал уюмдаштыруучу, жетекчи болуп саналат экен. Ошондой эле Кубанычбек Жумалиевдин жакын туугандарынын көп сандаган мүлкү аныкталган», — деп билдиришти мекеменин маалымат кызматынан.

Азыркы убакта сотко чейинки өндүрүш иши уланып жатат.

Белгилей кетсек, буга чейин Ички иштер министрлигине Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев кайрылып, социалдык түйүндөрдө Сыймык Жапыкеев деген жаранга мыйзам чегинде чара көрүү тууралуу кайрылган. Анда Жапыкеев Жумалиевге карата жалган маалыматтарды таратып, анын үй-бүлөсүнүн миллиондогон байлыктары мыйзамдарды бузуу менен топтолгонун, байлыгы менен мүлкүн тартып алууга жасаган чакырыктары менен анын ден соолугуна жана үй-бүлөсүнүн коопсуздугуна коркунуч туудуруп жаткандыгын көрсөткөн. Буга карата ИИМ мурдагы прокурорго иш козгогон.

Ал эми бүгүн, 26-майда, мурдагы прокурор Сыймык Жапыкеевдин билдирүүлөрү жана чакырыктарына жасалган экспертизанын жыйынтыгы чыкты.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү