Сокулукта 20 жаштагы жигит сууга чөгүп кетти

Автор -
220

Чүй облусунун Сокулук районунда 20 жаштагы жигит сууга чөгүп каза тапты. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык кечээ, 26-майда, саат 17:00 чамасында болгон. Совхоз Фрунзе айылында жайгашкан «Восточное» көлмөсүнө 2000-жылы туулган жаран чөгүп кеткен.

Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн жалпы 9 куткаруучу тартылып, алар маркумдун жансыз денесин таап, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Бөлүшүү