Индиядан чартердик каттам менен 22 кыргыз жараны келди

Автор -

Бишкекке Индиядан Кыргызстандын 22 жараны келди. Бул туурасында Республикалык штабдан кабарлашты.

Кыргызстандыктан Air India авиакомпаниясынын Дели-Бишкек-Дели маршруту боюнча Индия тарабынан кыргыз жарандарын чыгаруу үчүн уюштурулган чартердик каттам менен келишти.

Бул каттам менен келген кыргызстандыктардын көбү дарылануу жана ар кандай иштерди аткаруу максатында Индияда болушкан.

Азыркы учурда бардык келгендер белгиленген тартипте тиешелүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жайгаштырылды.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү