Россиядан Алайга сөөк коштоп келген эки адамдан COVID-19 табылды

Автор -
462

Ош облусунун Алай районунда Орусияда каза болгон маркумдун сөөгүн коштоп келген эки адамдан коронавирус илдети аныкталды. Ал экөө тең ушу тапта ооруканада дарыланып жатат. Бул тууралуу район акими Замир Молдокулов 26-майда кабарлады, деп жазат «Азаттык».

«Май ичи биздин районго Орусиядан беш жолу маркумдун сөөгү жеткирилген. Тартип боюнча сөөктү коштоп келген адамдар районго кире бериште текшерилип, обсервацияга алынат. Ошентип текшерүү учурунда сөөктү коштоп келгендердин ичинен эки адамдан вирус табылды, алар дарыланып жатат», -деген ал.

Акимдин маалыматына караганда, коронавирус илдети жалпысынан райондун үч тургунунан аныкталган.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын маалыматына ылайык, жалпысынан Ош облусунан COVID-19 аныкталгандар 211 адамга жетти.

Бөлүшүү