2020-жылдын 27-майына карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 52 учуру катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
- Бишкек ш. – 11 (экөө Россиядан келген аскер кызматкерлеринен
- Чүй облусу — 11 (сегизи Соль-Илецктен келгендерден)
- Ош ш. – 7
- Ош облусу — 2
- Баткен облусу – 1
- Жалал-Абад облусу – 3
- Нарын облусу — 17
Республика боюнча вирус жугузгандардын саны 1520 кишиге жетти. Алардын ичинен 1043 киши айыгып чыкты.