Бир сутка ичинде 12 медкызматкерден коронавирус табылды

Автор -

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 12 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

• Бишкек ш. – 5
• Ош облусунда – 7
Ал эми стационарлардан 6 медкызматкер сакайып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 299 учур катталды, алардын ичинен 243 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү