Коронавирус боюнча өлкөдөгү акыркы абал

Автор -

Коронавирус жуктуруп алган адамдар менен байланышта болгон жактардын саны 7 054 кишиге жетти. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүн, 27-майда, онлайн брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, акыркы сутка ичинде 3 706 материал текшерилген. Алардын элүү экисинен коронавирус табылып, өлкөдө илдетти жуктургандардын жалпы саны 1 520 адамга жетти.

Алардын 1 043ү айыгып чыкты, 461 адам ооруканада дарыланууда, төртөө — жандандыруу бөлүмүндө. 16 адам каза тапты.

Кыргызстан боюнча обсервацияда 2 835 адам жатат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү