Бишкекте 1-июндан тарта ысык суу өчүрүлөт

Автор -

Борбор калаада 1-июндан 1-июлга чейин ысык суу өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов кол койду.

Мындай чечим жыл сайын болуучу профилактикалык иштерди жүргүзүү максатында жана кышка даярдануу үчүн кабыл алынган.

Ошол эле учурда шаардагы фонтандар иштөөгө даяр болуп, 1-июндан тартып иштей баштайт.

Бөлүшүү