30-майда Екатеринбург−Ош багытында чартердик каттам келет

Автор -

Россиянын Урал федералдык округунда жайгашкан КР жарандарын мекенине жөнөтүү үчүн чартердик каттам уюштурулат. Бул туурасында Республикалык штабдан билдиришти.

Каттамды 2020-жылдын 30-майында Екатеринбург шаарынан Ош шаарына «Урал авиакаттамдары» авиакомпаниясы менен ишке ашыруу пландалууда.

Бул каттам менен курч муктаждыгы бар жарандар: ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, оор илдеттери барлар, улгайган курактагы адамдар, кош бойлуу жана жаш балалуу энелер, турмуштук оор кырдаалдагы жарандар кайтарылат.

Учуп келе турган жарандардын тизмеси Урал федералдык округундагы шаарлардын жана аймактардын кыргыз диаспораларынын жетекчилеринин сунуштарын, ошондой эле «Урал авиакаттамдары» авиакомпаниясынан мурда сатып алынган билеттеринин бар экендигин эске алуу менен түзүлөт.

«Билеттер «Уральские авиа каттамдары» авиакомпаниясынын атайын белгиленген кассаларында макулдашылган тизме боюнча гана рейстин алдында сатылат. Буга байланыштуу мекендештерге Кыргызстанга кайтаруу жана авиабилеттерди сатып алуу боюнча ортомчулардын кызматтарынан жана сунуштарынан кармануу сунушталат», — дешет Элчиликтен.

Белгилесек, учурда Урал федералдык округунда Кыргызстанга учуп кетүүнү каалаган Кыргыз Республикасынын 600дөн ашык жараны бар.

Элчилик Урал федералдык округунан Кыргызстанга алдын ала 30-майда учуп кетүү маселелери боюнча төмөндө көрсөтүлгөн номерлер боюнча кайрылууну суранат:
+7 (343) 223-68-15
+7 (343) 223-68-13
+7 (343) 227-39-39.

Бөлүшүү