Мухаммедкалый Абылгазиев кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүн алды

Автор -

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүн алды. Бул тууралуу ал вице-премьер-министрлердин катышуусунда өткөн жумушчу кеңешмеде билдирди.

Кеңешме учурунда Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөт ар дайым ачык жана чынчыл иштөөгө аракет кыларын белгиледи.

«Бирок Жогорку Кеңеште жаштыктын сатылышы боюнча кылмыш ишине байланыштуу Өкмөттүн жана өкмөт башчынын дарегине сын айтылып, күнөөм жок экенин далилдөө чакырыктары болду. Мен башынан эле мамлекеттин экономикалык кызыкчылыгын коргоп, жыштыктарды ачык аукциондордо сатууну колдоп келгем. Мен бул тууралуу Жогорку Кеңеште айттым. Иликтенип жаткан ишке тиешем жок экенин дагы бир жолу айтам жана бул маселени саясатташтырууга жол берилбеш керек деп эсептейм. Тергөөнүн жүрүшүнө басым көрсөтүп жатат деген сөздөр болбосун үчүн кыска мөөнөттүү эмгек өргүү алууну чечтим», — деди ал.

Бөлүшүү