Боронов: Коронавирустун очоктору көбөйдү

Автор -

Республикалык штабдын жыйынында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов вирустун белгилери бар жарандар медициналык мекемелерге өзү кайрылган фактылар көп чыгып жатканын билдирди.

Алар оорулуулар менен түз байланышта болгон эмес, кайдан, кантип илдетти жуктуруп алганын да билишпейт.

«Бул оорунун очокторунун көбөйгөндүгүнөн кабар берет. Демек, бардык коопсуздук чараларын күчөтүү зарыл, санитардык талаптар, үй карантини, обсервация режими жана башка бекитилген ченемдер так сакталышы керек. Ар бир адам кайдыгерлиги үчүн жоопко тартылаарын унутпашыңыздар керек. Күтүлбөгөн жерден оору болуп кетпеши үчүн, кырдаал көзөмөлдөн чыкпашы керек. Жарандар коомдук жайларда, коомдук транспортто, эл көп топтолгон жерлерде өз коопсуздугу үчүн беткаптарды кийүүлөрү зарыл», — дейт Кубатбек Боронов.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү