COVID-19 жуктургандар менен байланышта болгондордун саны 7 миңден ашты

Автор -
Иллюстрациялык сүрөт

2020-жылдын 28-майына карата Кыргызстандын ооруканаларында COVID-19 вирусун жуктуруп алган 512 бейтап калды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Алардын ичинен 6 адам жандандыруу бөлүмүндө жатат. 1 066 адам аталган оорудан айыгып, ооруканадан чыгарылган. 16 адам каза тапкан.

COVID-19 жуктуруп алгандар менен 7 184 адам байланышта болгон. Кыргызстан боюнча обсервацияда 2 648 адам жатат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү