Караколдо 35 жаштагы киши көлмөгө чөгүп кетти

Автор -
251

Караколдо 35 жаштагы адам көлмөгө чөгүп каза болду. Ал достору менен Ысык-Көл облусунун Каракол шаарына эс алуу үчүн барган, деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.

Кырсык кечээ, 27-майда, саат 18:44 чамасында Пристань-Пржевальск айылындагы көлмөдө орун алган. Маркум, 1985-жылы туулган Х.Р., сууга түшүп жаткан жеринен жок болуп кеткен.

Окуя болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары барып, анын сөөгүн суудан чыгарып укук коргоо органдарына өткөрүп беришти.

Жыл башынан бери ушуну менен эки киши көлгө чөгүп каза болду.

 

Бөлүшүү