Караколдо коомдук транспорттордун эреже сакташы текшерилүүдө

Автор -

25-майдан баштап Каракол шаарында коомдук транспорттор өз ишин жандантты. Мындан улам, ИИМдин Ысык-Көл ОИИБ боюнча ЖККБнын кызматкерлери өздөрүнө тагылган милдеттерин таӊкы саат алтыдан баштап аткарышууда, деп билдиришти облустук милициядан.

Алар Каракол шаардык муниципалдык автобазанын администрациясы менен бирдикте, саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан көрсөтүлгөн санитардык-эпидемиологиялык талаптарды кыйшаюсуз аткаруу боюнча коомдук транспорттордун айдоочуларына күнүнө түшүндүрүү иштерин өткөрүшөт.

«Коомдук транспорттор күндө каттамга чыгар алдында дезинфекциядан өткөрүлөт. Саламаттык сактоо министрлиги иштеп чыккан жобого ылайык, айдоочулар жана жүргүнчүлөр санитардык эрежелерди сактоого тийиш. Коомдук транспортко кирүүдө ар бир жүргүнчү беткапчан болушу зарыл. Автоунаанын отургучунун санынан 60 пайыздан ашырылбай салынууга тийиш», — деп билдирди Ысык-Көл ОИИБ боюнча ЖККБнын техникалык көзөмөлдөө тобунун улук тескөөчүсү Мунарбек Асаналиев.

Аталган талаптардын сакталышын көзөмөлдөө максатында жол коопсуздугунун тескөөчүлөрү тарабынан тийиштүү рейддер өткөрүлүп турмакчы. Эгерде талаптардын аткарылбагандыгы аныкталса, анда мамлекеттик тийиштүү органдары тарабынан жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенишкен мекемелердин ишмердүүлүгү убактылуу токтотулат.

Каракол шаардык муниципалдык автобазанын администрациясы билдиргендей, бүгүнкү күндө шаарда 50-55 коомдук кичиавтобустар 13 каттамда иш алып барышууда.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү