Ош шаардык төрөт үйүндө 34 адамдан коронавирус табылды

Автор -
Иллюстрациялык сүрөт

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 28-майга карата Ош шаардык төрөт үйүндө 34 адамдан коронавирус табылган. Алардын ичинен 15 медицина кызматкери, 14 эне жана беш ымыркай вируска чалдыккан, деп жазат «Азаттык».

Маалыматка ылайык, шаардык төрөт үйүндө мурда да вирус жуккан учур катталып, төрөткана карантинге жабылган. Кийинчерээк ал жерге обсервация ачылган.

Саламаттык сактоо министри Нурболот Үсөнбаев акыркы суткада Ош шаарында 35 адамдан коронавирус аныкталганын бүгүн, 28-майда брифингде кабарлаган. Жалпысынан Ош шаарында бул ооруга чалдыккандардын саны — 177 адам.

Жалпы өлкөдө COVID-19 илдетине кабылган 1594 адамдын 6% жашы жете элек балдар. Алардын ичинен 20га жакыны ымыркайлар.

Бөлүшүү