Биринчи класска электрондук кабыл алуу кайра жанданды

Автор -

«Мектепке электрондук түрдө катталуу» системасы боюнча балдарды 1-класска кабыл алуу кайра жанданды. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Билим берүү уюмдары пандемияга байланыштуу жабылганы үчүн порталдын иши убактылуу токтотулган эле. Буга чейин балдарын каттаган гана ата-энелер системага кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, директорлорго билдирмелерге кирүү укугу убактылуу чектелген болчу.

«Эми портал мурдагыдай режимде иштеп жатат. Мектептер келип түшкөн документтерди кароого киришти. Билдирмени калтыруу үчүн ата-энелер http://mektep.edu.gov.kg порталына кирип, керектүү документтердин баарын тиркеши керек», -деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 2020-2021-окуу жылында балдарды мектепке электрондук каттоо Бишкек шаарынан сырткары Ош, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя, Кара-Балта жана Токмок шаарларында да жүргүзүлүп жатат. Бул алты шаардан порталга жалпысынан 13 491 билдирме түшкөн.

Электрондук каттоо 1-класска кабыл алууда ачык-айкындуулукту, тең мүмкүнчүлүктөрдү камсыздайт жана коррупциянын алдын алат.

Бөлүшүү