Сутка ичинде 27 медкызматкерден коронавирус аныкталды

Автор -

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 27 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

• Бишкек ш. – 5
• Ош шаарында – 15
• Нарын облусунда – 7
Ал эми стационарлардан 4 медкызматкер сакайып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 326 учур катталды, алардын ичинен 247 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан. Бирөө каза тапкан.

Бөлүшүү